Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2014-жылдын 29-октябры № XVI-1
2014-жылдын 9 айында айыл аймагынын социалдык-экономикалык
өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы жөнүндө
Гулистан айыл кеңешинин туруктуу комиссиялары Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айында айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын аткарылышын карап чыкты. Айыл өкмөтү тарабынан 2014-жылдын 9 айында айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында белгиленген иштер аткарылган. Мындан тышкары элди мобилизациялоонун жана ички инвестициялардын эсебинен бир катар ишкердик жана маданий объекттер курулду жана калыбына келтирилди. 2014-жылда социалдык-экономикалык өнүгүү багытында аткарылган иштердин көлөмү 35 миллион 500 миң сомду түздү.
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айына бекитилген бюджети 9 миллион 442-миң сомду түзсө, 9 миллион 498 миң сомго аткарылган. Жалпы бюджеттин аткарылгандыны менен жергиликтүү бюджеттин негизги кирешелери болгон киреше салыгы 391 миң сомго, сатуудан алынуучу салык 130миң сомго, кыймылсыз мүлк салыгы 34 миң сомго аткарылбай калган.
Күн тартибиндеги маслени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги ХV111-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айында айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планынын алкагында аткарган иштери кемчиликтери менен канааттандырарлы деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айында айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планынын алкагында аймактагы социалдык-маданий объекттерди куруу, калыбына келтирүү жана инфраструктуралык түзүмдөрдү оңдоо багытында аткарылган иштердин көлөмү 35 миллион 500 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 9 миллион 498 миң сом кылып бекитилсин.
4. 2014-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдолгон планынын аткарылбай калган түрлөрүн (киреше салыгы, сатуудан алынуучу салык, кыймылсыз мүлк салыгы) толугу менен өндүрүү боюнча чараларды көрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Айыл аймагындагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин 2014-2015-куз-кыш мезгилинде жылытуу системаларын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |