Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII сессиясы
2014-жылдын 29-октябры № XVIII-2
2014-жылдын 9 айында Гулистан айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджети Гулистан айыл кеңеши тарабынан 2014-жылдын 10-февралында № Х-3-токтому менен кабыл алынган. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджети 12 495,9 сомго бекитилген. 2014-жылда айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешеси трансферлерден тышкары 7 млн 271 700 сомго бекитилген.
Айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айындагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 9 506 300 сомго пландаштырылган болсо, такталган план 9 686 300, аткарылганы 9 752 800 сомду түзгөн. Айыл өкмөтүнүн иш үчүрүндө келип чыккан муктаждыктарына карата чыгашалар боюнча ушул жылдын 4-кварталындагы башкаруу аппаратындагы актива объязательства статьясына каралган акча каражатынын эсебинен 365 000 сом акча каражаты 701-бөлүмүнүн 2215-беренесине 40 000 сом, 708-бөлүмдүн 2232-беренесине 10 000 сом, 709-бөлүмдүн 31112390 беренесине 200 000 сом, 706-бөлүмдүн 22154900 беренесине 115 000 сом акча каражаты көтөрүп берүү зарылчылыгы пайда болду.
Гулистан айыл кеңеши күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешеси 2014-жылдын 9 айында 9 506 300 сомго пландаштырылган болсо, такталган план 9 686 300, аткарылганы 9 752 800 сомду түзгөндүгү белгиленсин.
2. Чыгашалар боюнча ушул жылдын 4-кварталындагы башкаруу аппаратындагы актива объязательства статьясына каралган акча каражатынын эсебинен 50 000 сом акча каражаты 701-бөлүмүнүн 2215-беренесине 40 000 сом, 708-бөлүмдүн 2232-беренесине 10 000 сом акча каражаты көтөрүп берилсин.
3. Чыгашалар боюнча ушул жылдын 4-кварталындагы башкаруу аппаратындагы актива объязательствага каралган акча каражатынын эсебинен 315 000 сом төмөнкү беренелерге: 709-бөлүмдүн 31112390 беренесине 200 000 сом, 706-бөлүмдүн 22154900 беренесине 115 000 сом көтөрүлсүн.
4. 2014-жылдын сметасы боюнча бөлүмдөрдүн беренелерине түздөө жүргүзүү үчүн төмөнкүчө өзгөртүүлөр киргизилсин:
706-бөлүмдүн 22154900 беренесине 221200 беренесинен -126 200 сом;
708-бөлүмдүн 2221200 беренесине 22154900-беренесинен 2 500 сом;
709-бөлүмдүн 22211100-беренесине 22241100-беренесинен 4 000 сом.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |