Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-январы №24/4
Ленин айыл округунун башчысынын орун басары С.Рамановдун жүргүзгөн иштеринин абалы жөнүндө
Ленин айылдык округунун кеңешинин депутаты Б.Рамановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл округунун башчысынын орун басары С.Рамановдун жүргүзгөн иштеринин абалы боюнча депутат Б.Рамановдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айыл округунун башчысынын орун басары С.Рамановдун жүргүзгөн иштери жакшы деп баалансын.
3. Ленин айылдык округунун аймагында 2012-жылдын Нооруз майрамына айыл-айылдарда жогорку денгээлде өткөрүү жагы Ленин айылдык округунун башчысынын орун басары С.Рамановко милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округ башчысы А.Салиевке тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |