Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы
2014-жылдын 29-октябры № XIX-1
Гулистан аыл кеңешинин 2014-жылдын 27-январындагы № IХ-2 токтомунун негизинде Гулистан айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан келип түшкөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жөнүндө
Гулистан айыл кеңешинин жогорудагы токтомунда айыл өкмөтүнүн административдик имараты 1994-жылы мурдагы Фрунзе атындагы колхоз жоюлгандан кийин дыйкан чарбалардын балансына өткөрүп берилген. 1998-жылы “Саховат” дыйкан чарбасы өзүнө тийиштүу бөлүгүнө мамлекеттик акт алып, менчиктештирип алгандыгы айтылган. Азыркы күнгө чейин айыл өкмөтү бул имаратта ижарада жайгашкандыгы жана бул имаратты сатып алуу үчүн акча каражаты бөлүп берүу боюнча Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суранган. 2014-жылдын 14-декабрында Гулистан айыл өкмөтүнүн эсебине Кыргыз Республикасыны каржы министрлигинин эсебинен 1 миллион 500 миң сом акча каражаты келип түшкөн.
Келип түшкөн акча каражатын максатту пайдалануу максатында Гулистан айыл кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин эсебинен Гулистан айыл өкмөтүнүн эсебине келип түшкөн 1 миллион 500 мин сом акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн тийиштүү смета түзүлүп, административдик имараттын 1-кабатын сатып алууга жумшалсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча иштөөчү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |