Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык Кеңешинин V чакырылышынын V сессиясы
2014-жылдын 2-июлу № V-4
Гулистан айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы “Ченемдик укутук актылар” жөнүндөгү мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 184-токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттонун тартиби жөнүндөгү типтуу жобонун негизинде айылдык кеештин токтомдорун айылдык кеңеш каттоо жүргүзүү жергиликтүү газеталарга же интернет сайттарга жарыялайт болчу. Гулистан айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду расмий тилге көтөрүп, Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт. Айылдык кеңештин токтомдору негизинен малекеттик тилде кабыл алынгандыктан, аны расмий тилге көтөрүү бир топ убакытты талап кылат. 2013- жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигинен, “Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет деп көрсөтүлгөндүгүнө негиз жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Гулистан айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык кеңешинин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү мамалекеттик тилди билгендиктен айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укутук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого, киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилге көтөрбөй Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулистан айылдык кеңешинин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ташматов |