Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII сессиясы
2013-жылдын 24-сентябры № 7/5
Айыл калкынын пенсия, пособия, газета журналдар менен камсыз болушу жана
аны тейлөөдө байланыш бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Айыл калкынын пенсия, пособия , газета журналдар менен камсыз болушу жана анын тейлөөдө байланыш бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Дөң-Алыш айылынын байланыш бөлүмүнүн башчысы Ч. Мамбеталиеванын маалыматын угуп жана талкулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл калкынын пенсия, пособия , газета журналдар менен камсыз болушу жана анын тейлөөдө байланыш бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштеринде Дөң-Алыш айылынын байланыш бөлүмү тарабынан жетиштүү деңгелде иш алып барылганы белгиленсин.
2. 2014-жылга карата газета журналдарга жазылууну уюштуруу жагын айыл байланыш бөлүмүнүн башчысына млдеттендтртилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөнү Айыл чарбасы жер, айлана чөйрөнү коргоо, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Талаа-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Керимкулов |