Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII сессиясы
2013-жылдын 24-сентябры № 7/7
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин айрым депутаттарынын
сессияларга жүйөлүү себептерсиз катышпагандыгы жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин айрым депутаттарынын сессияларга жүйөлуу себептерсиз катышпагандыгы жөнүндө айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы Н.Керимкуловдун маалыматын угуп жана талкулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин №4160 Дөң-Алыш шайлоо округунун депутатты Кадырбаева Жыпар, №4161 Комсомол шайлоо округунун депутаты Жумакадыров Кубат сессияларга жүйөлүү себептерсиз катышпагандыгы белгиленсин
2. Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин №4160 Дөң-Алыш шайлоо округунун депутатты Кадырбаева Жыпар, №4161 Комсомол шайлоо округунун депутаты Жумакадыров Кубаттар сессияларга жүйөлүү себептерсиз келишпесе Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдын башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесинин 7- беренесинин негизинде депутаттык мандаттары токтотулары эскертилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Депутаттык иш, этика маданият жана билим беруу, саламаттыкты сактоо, адам укугун коргоо, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Талаа-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Керимкулов |