Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII сессиясы
2013-жылдын 24-сентябры № 7/9
Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү жөнүндө
Кыгыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесинин 8-бөлумчөсүнө ылайык “Кочкор районунун Ардактуу атуулу”наамына көргөзүү жөнүндө айыл аймагынын депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөн-Алыш айылынын тургуну айылдын өнүгүшүнө өз салымын кошкон, айылда өткөрүлгөн иш чараларга, социалдык, маданий, спорт тармагында курулуп жаткан объектилерге демөөрчүлүк кылып, колдоого алып келген Жайнаков Эдилбек Асанбековичке “Кочкор районунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарууну сунуш кылынсын.
2. Бул токтом Кочкор райондук депутаттарынын кошмо жыйналышынын алдында түзүлгөн комиссияга сунушталсын.
Талаа-Булак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Керимкулов |