Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-марты № 1
Каралган маселе : Жумгал айыл аймактык айыл өкмөтүнүн 2012- жылдын бюджетинин аткарылышы, 2014- жылдын бюджетин бекитүү жана 2015- 2016- жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү
Жумгал айыл аймактык айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ш.Карагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жумгал айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл өкмөтүнүн 2012- жылдын киреше бөлүгү 18236,4 сом жана чыгаша бөлүгү 18236,4 сом бекитилсин.
2. Жумгал айыл өкмөтүнүн 2014- жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 4674,2 миӊ сом бекитилсин.
А) Салык төлөмдөрүнөн түшкөн киреше 742,5 миӊ сом
Б) Теӊдештирүү грант 3905,0 миӊ сом
В) Атайын каражат 26,7 миӊ сом
Баардык киреше бөлүгү 4674,2 миӊ сом
2014-жылга келип түшкөн жалпы киреше төлөмдөрдөн бөлүштүрүлсүн 4674,2 миӊ сом
А) Билим берүү тармагына 586,2 миӊ сом
Б) Бала бакча 171,6 миӊ сом
В) Клуб 521,2 миӊ сом
Г) Библиотека 239,5 миӊ сом
Д) Башкаруу апаратына3143,8 миӊ сом
Е) Социалдык коргоо 12,0 миӊ сом4. 2015- жылдык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 4765,6 миӊ сом өлчомүндө бекитилсин.
А.И. теӊдештирүү грант 3951,4 миӊ сом
Кирешелер 814,2 миӊ сом
5.2016-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоору 4786, 4 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
А.И. теӊдештирүү грант 3967,2 миӊ сом
Кирешелер 819,2 миӊ сом
6.Жумгал айыл өкмөтүнүн кассасында 30 миӊ сом нак акчалай калдык калтырылсын.
7.Корголгон статьялар (эмгек акы соц фонд, коомдук чыгымдар ж.б.) биринчи кезекте каржылансын 8.Жумгал районунун Жумгал айыл аймактык айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын финансы министерствосунан 2014-жылга сунушталган бюджетинин долбоору боюнча
Теӊдштирүү грант 3905,0 миӊ сом
Киреше салыгы 769,2 миӊ сом
Баардыгы 4674,2 миӊ сом
Жумгал айыл аймактык айыл өкмөтүнө жалпысы 967,9 миӊ сом теӊдештирүү грант жетпейт
Башкаруу аппараты
Аркандай чыгымдар баары 101,0 миӊ сом
М.И. Контордун ремонтуна 15,0 миӊ сом
Компютьер алуу үчүн 53,0 миӊ сом
Принтерлерди заправкалоо жана оӊдоого 9,2 миӊ сом
Концериялык товарлар үчүн 10,0 миӊ сом
Ит атарга мергенчилерге 12,0 миӊ сом
Конторага шыпыргы, самын чака жана жуунучу каражат 6,0 миӊ сом
МЧС ке чыгымдоо үчүн 13,8 миӊ сом
Апаратка баардык жетпеген каражат 101,0 миӊ сом
Культурага
Ар кандай чыгымдар (2 клуб 2 библиотеканын) шыпыргы, чака,самын жана башкаларды алуу үчүн 12,0 миӊ сом
Билим берүү тармагы
Ар кандай чыгымдарга баары 854,9 миӊ сом
Мунун ичинен: көмүр сатып алууга 726 миӊ сом
Балдардын тамак ашына 133,9 миӊ сом
Баары билим берүү тармагына 854,9 миӊ сом
Жалпы айыл өкмөтүнө жетпеген каражат 967, 9 миӊ сом
Бул жетпеген каражат 967,9 миӊ сом Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен жана Жумгал райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
8. Бул чечимди көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл аймактык айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Ш.Карагуловго милдеттендирилсин
9 .Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин .
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |