Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-марты № 2
Каралган маселе : Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Болоталиев Узак Сталбекович жана жер адиси У.Нуркуловдун кайра бөлүштүрүү фондусунун пайдаланууга жарактуу жерлерин аренда катары пайдаланууга жана аренда акысын белгилеп берүү боюнча айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 . Жумгал айыл аймагында
га кайрак жерге 200 сом
1.га суу баскан жерге 500 сом
1га шалбаа жерге 800 сом ( мунун ичинде соц фонд, налогу
чогуу белгиленсин)
2. Пайдаланууга жарактуу жерлерди арендага берүү жана аренда акысына көзөмөл жүргүзүү жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн жер адиси У.Нуркуловго милдеттендирилсин.
3 .Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин .
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |