Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-марты № 4
Каралган маселе: Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Болоталиев Узак Сталбековичтин Жумгал айыл аймагы тарабынан берилип жаткан ар кандай маалыматтарды (справкаларды) айыл тургундары үчүн бекер берүү боюнча Жумгал айылдык Кеӊешинин депутаттарына билдирген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жумгал айылдык Кеӊештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан берилип жаткан баардык маалымкаттар (справкалар) айыл тургундары үчүн бекер жазылып берилсин.
2. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы К.Мамбеткуловага милдеттендирилсин .
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |