Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-марты № 5
Каралган маселе : Жумгал айылынын М.Өмүрканова атындагы орто мектебинин алдында уюштурулган «Нур-Жаз» бала бакчасынын башчысы Мусаева Бурулдун билдирүүсүндө Жумгал айылынын тургуну Дуйшеев Өскөндүн көзү өтүп кеткендигине байланыштуу мектепке жана «Нур-Жаз» бала баксасына кошкон салымдарын жана үй-бүлөөсү бала бакчага жардам берээрин эске алып Жумгал айылдык Кеӊешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагындагы «Нур-Жаз» бала бакчасына Дуйшеев Өскөндүн кошкон салымдары жана үй-бүлөөсүнүн келечекте бала бакчага жардам берээрин эске алып «Нур-Жаз» бала бакчасы «Өскөн-Ата» бала бакчасы болуп которулсун.
2. Жумгал айылындагы «Нур-Жаз» бала бакчасынын жакшырышына бала бакчанын башчысы Мусаева Бурулга милдеттендирилсин
3. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
4. Жумгал айылындагы «Нур-Жаз» бала бакчасын «Өскөн-Ата» деп кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы бала бакчанын башчысы Б.Мусаевага милдеттендирилсин.
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |