Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 8
Каралган маселе: Жумгал айыл аймагынын жайлоого чыккан малдардын баасын, айдап-себүүдө жер айдоонун акысын, күйүүчү майды, күзгү оруп жыюунун, көчүп-конуунун акысын бекитүү жөнүндө.
1. Жумгал айыл аймагындагы жалпы эл менен болгон жыйындын негизинде жазында жайлоого чыккан малдардын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин
бир баш бодо малдын баасы 300 сом
бир баш майда жандыкка кой, эчкиге 30 сом
2. Корукка түшкөн малдын айып (штраф) акчасы бир баш бодо мал корукка түшсө айып (штраф) 200 сом бир баш майда жандык корукка түшсө 50 сом
3. Эл менен болгон жыйындын негизинде жайыт комитетинин «Арис» программасы боюнча өздүк салымга төмөндөгүдөй акча чогултуу белгиленсин
өздүк салымга ар бир түтүндөн 100 (жүз) сомдон
айыл аймагына боз үй сатып алуу үчүн ар бир түтүндөн 100 сомдон
4. Эл менен болгон жыйындын негизинде 2014-жылы айдап себүүнүн күйүүчү майы жана акысы төмөндөгүдөй белгиленсин.
5. Жер айдоо ДТ-75 25 л май акысы 800 сом МТЗ, Т-40 25 л майы акысы 700 сом
6. Сеялка себүү 10 лмайы акысы 300 сом3.мала 8л майы акысы 300 сом4.шак тартуу 5л май акысы 100 сом
7.Чөп чабуу 10 л майы акысы 800 сом6. чөп тартуу аралыкка жараша акысы300 сом -. эгин тартуу акысы 300 сом
- огород 5л майы акысы 100 сом
8 . Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9 .Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Жумгал айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы К.Сапарбековго,жер адис У.Нуркуловго милдеттендирилсин
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |