Загрузка документа…
-
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 9
Каралган маселе: Жумгал айыл аймагынын жалпы эл менен болгон жыйындын негизинде жана Жумгал №1 участкасынын суу бөлүмүнүн башысы Б.Сейталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жумгал айылдык Кеӊешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жумгал айыл аймагынын жалпы элдик жыйынында талкууланып чечилгендиктен сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн, сугат убагында сууну суроосуз уурдап жыккандарга, бей жоопсуз аӊ алдыргандарга төмөндөгүдөй айып акы белгиленсин.
Биринчи жолу жыккандарга - 1000 сом
Экинчи жолу жыккандарга - 2000 сом
Үчүнчү жолу жыккандарга - 3000 сом
2. Айып акы (штраф) Жумгал айыл өкмөтү аркылуу квитанция берилип айыл өкмөтүнө кириштелсин.
3. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге жана Жумгал райондук №1 суу чарба бөлүмүнүн башчысы Б.Сейталиевге милдеттендирилсин .
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |