Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-апрели № 10
Жумгал айылынын Жайыл комитетинин төрагасы К.Сапарбековдун
сунушун карап чыгып, Жумгал айылынын жайыт акыларын
бекитип берүү жөнүндө
1. 2014-жылга Жумгал айыл аймагындагы жайыт пайдалануучуларга жайыт акы төмөндөгүдөй бекитилсин.
- бир бодого 70 сом, майда жандыкка 14сомдон бекитилсин
- 2014-жылга Жумгал айыл аймагынабашка айыл аймагынан келген жайыт пайдалануучуларга 50% (пайыз) жогору бекитилсин же болбосо ар бир бодого
-105 сом, ар бир майда жандыкка 21 сомдон бекитилсин
-Жумгал айыл аймагы боюнча жайыттарды кыйыр пайдалануучуларга
-жарандарды эс алдыруу жана туризим үчүн бир боз үйгөай сайын 400 сом
-жайыт жеринде соода сатык кылуу үчүн бир боз үйгө ай сайын 400 сом
-жайыт жеринен тоют топтоо үчүн 1га жерге 3000 (үч миӊ)сом бекитилсин
2. Жумгал айыл аймагындагы малчыларга өз убагында көчүп конууда күзгү оруп жыйуу жыйынтыкталмайын, белгиленген убакыттан мурун көчүп келсе, же жазында жайлоого кеч көчүп кетсе жана жайытты пайдаланууда көрсөтүлгөн тартипке баш ийбесе төмөндөгүдөй 5000 (беш миӊ) сом айып салынсын.
3 .Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы К.Сапарбековго милдеттендирилсин.
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |