Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-октябры № 12
Жумгал айылындагы учетто туруп жашаган, ар бир
жаранга турак жай салуу үчүн берилүүчү жер участогунун аянтын бекитүү жөнүндө
Жумгал айылдык Кеӊештин депутаттары Жумгал айылында жашап, учетто турган ар бир жаранга турак жай салуу үчүн бир жолу жер аянтын алуусун сессияда карап,талкуулап Жумгал айылдык Кеӊештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айылында жашап, учетто турган 1 (бир) жаранга ушул жашаган жеринен бир жолу турак жай салганга жер аянт алууга 0,15 сотыхтан ашпаган жер бөлүнүп берилсин.
2. Жумгал айылында турак-жай салганга жер жетишсиз болгондугуна байланыштуу бир жолу жер аянтын алган жаранга, кайра ушул Жумгал айылынын ичинен башка турак-жай жактан жер алууга тыюу салынсын.
3 .Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге жана жер жана жерге жайгаштыруу коммуналдык маселелер боюнча башкы адис У.Нуркуловго милдеттендирилсин .
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |