Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июну № 14
Каралган маселе: Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевдин Жумгал айылдык Кеӊешинин депутаттарына 19-июнь 2014-жылы өкмөттүн балансасына авто унаа жок, Жумгал айылынын ар кандай чарбалык жумуштарын бүтүрүүдө авто унаанын жоктугунан бир топ кыйынчылыктар болуп жаткандыгын айтып, ошонун негизинде айыл өкмөттүн балансасына бир авто унаа керек экендигин, ошол авто унааны алууга айылдык кеӊештин макулдугун алууга карата жазган сунушун карап чыгып Жумгал айылдык Кеӊешинин депутаттары угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге кызматтык авто унаа берүүгө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын, авто унааны суроо жагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин.
3 .Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин .
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |