Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-сентябры № 15
Жумгал айылындагы Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектебинин эски имараты өрттөнүп кеткендигине байланыштуу 1982-жылы жаӊы имарат шашылыш бүткөрүлүп сапатсыз курулгандыгына байланыштуу капиталдык ремонтко макулдуктарын берүү жөнүндө
Жумгал айылындагы Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектебинин эски имараты өрттөнүп кеткендигине байланыштуу 1982- жылы жаӊы имарат шашылыш бүткөрүлүп сапатсыз курулгандыгына байланыштуу капиталдык ремонтко макулдуктарын берүү үчүн Жумгал айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектебине 1982-жылы сапатсыз курулуп бүткөндүктөн, от жагуу системасындагы от казандары сынып, тоӊуп араӊ иштеп жаткандыктан, батериялары, трубалары 32 жылдан бери эскирип, чирип сынып жараксыз абалда. Терезелеринин рамкалары кыйшайып жараксыз абалда экендиги, кардын калыӊдыгынан чатырлардын сынып тамчылардын тамышына байланыштуу мектеп толук капиталдык ремонтко муктаж болгондуктан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, капиталдык ремонттон өткөрүп берүү жагы суралсын
2. Токтомдун жогорку органдарга билдирүү жеткирүү аны көзөмөлдүккө алуу жагы мектептин директору Капарбеков Сталбекке милдеттендирилсин.
3. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Болоталиевге милдеттендирилсин .
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |