Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-октябры № 17
Жумгал айыл аймагында кайра бөлүштүрүү фондусунун пайдаланууга жарактуу айдоо жерлерин ижарага берүү жөнүндө атайын комиссия түзүп курамын бекитүү
Каралуучу маселе: Жумгал айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун пайдаланууга жарактуу айдоо жерлерин ижарага берүү жөнүндө атайын комиссия түзүп курамын бекитүү.
Кайра бөлүштүрүү фондусунун пайдаланууга жарактуу жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия түзүү үчүн, айылдык кеӊештин депутаттары талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атайын комиссиянын курамына 7 (жети) адамдан турган төмөндөгү адамдар бекитилсин.
Жумгал айылдык Кеӊештин депутаты: | Б.Нуркулов Комиссиянын төрагасы |
|
Жумгал айыл аймагынын жооптуу катчысы: | К.Мамбеткулова | Комиссиянын катчысы |
Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтү: | У.Болоталиев Мүчөлөрү |
|
Жумгал айыл аймагынын жер адиси: | У.Нуркулов |
|
Жумгал айылдык Кеӊешинин депутаты: | М.Алымбеков |
|
Жумгал айылдык Кеӊешинин депутаты | С.Санташов |
|
Жумгал айылдык Кеӊешинин депутаты | Т.Кармышаков |
|
2. Бул Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Jumgal.kg веб сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагын Жумгал айыл өкмөтүнүн жер адиси У.Нуркуловго милдеттендирилсин .
Жумгал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Санташов |