Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-январы № IX/1
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Айтиевдин 2014-жылдын 10-январындагы Ж.Аманбаев көчөсүнүн тургундары айдоочулардын тез ылдамдыкта жол эрежелерин сактабай бузуп автокырсыктардын көбөйгөндүгү жөнүндө арыз менен кайрылгандыгын жана райондун 10-январь 2014-жылдагы жыйындын протоколунун негизинде, Кара-Таш айыл аймагынын Ж.Аманбаев көчөсүнө эл жашаган жерге машиналардын ылдамдыгын төмөндөтүүчү бир тосмо, ал эми С.Тагаев көчөсүнө Мурзалиев Жакшыбайдын үйүнүн алдына эки тосмо куруу жөнүндө
Кара-Таш айыл кенешинин депутаттарынан түзүлгөн туруктуу комиссиясынын заседаниеси 2014-жылдын 10-январындагы Ж.Аманбаев көчөсүнүн тургундары айдоочулардын тез ылдамдыкта жол эрежелерин сактабай бузуп автокырсыктардын көбөйгөндүгү жөнүндө арыз менен кайрылгандыгын жана райондун 2014-жылдын 10-январындагы жыйындын пртоколунун негизинде Ж.Аманбаев көчөсүнө эл жашаган жерге бир тосмо ,ал эми С.Тагаев кочосуно Мурзалиев Жакшыбайдын үйүнүн астына эки тосмо куруу жөнүндө карап чыгып депутаттардын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл аймагынын Ж.Аманбаев көчөсүнө эл жашаган жерге бир тосмо ,ал эми С.Тагаев кочосуно Мурзалиев Жакшыбайдын уйунун астына автомашиналардын ылдамдыгын төмөндөтүүчү эки тосмо куруу жагы каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кенешинин айыл чарба жерге жайгаштыруу экология жана жаратылышты коргоо, транспорт курулуш , онор жай кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Кара-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Кармышаков |