Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-апрели №25/2
Ленин айылдык округунун 2011-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2012- жылдын бюджетин бекитүү жана 2013-2014 - жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө
Ленин айылдык округунун 2011-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2012-жылдын бюджетин бекитүү жана 2013-2014-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Боронбаев Курманбектин билдирүүсүн жана Ленин айылдык округунун башчысы А.Салиевдин докладын угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык округунун бюджетинин 2011-жылга кирешелер боюнча бекитилген планы 11678,1 миң сомго, такталган киреше бөлүгүнүн планы 23361,0 мин сомго,киреше бөлүгүнүн аткарылгандыгы 22909,0 миң сомго, чыгашалар боюнча 22828,6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Ленин айылдык округунун бюджети 2012-жылга киреше бөлүгү тиркеме № 5, таблица № 7 ге карата ,чыгаша бөлүгү тиркеме № 6, таблица № 9 да көрсөтүлгөн суммада 27990,8 сомго бекитилсин. Анын ичинен максаттуу грант 23087,2 миң сомго, толуктоочу грант 4229,2 миң сомго, өздүк киреше 674,4 миң сом бөлгөндүгү белгиленсин.
3. Ленин айылдык округу боюнча атайын каражаттын киреше бөлүгү тиркеме № 5 таблица № 7 ге ылайык, чыгаша бөлүгү тиркеме № 6 таблица № 9 га ылайык 160,0 миң сомго бекитилсин.
4. Ленин айылдык округунун бюджетинин 2013-2014 - жылдарга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол планы тиркеме № 5, таблица №8 де көрсөтүлгөн суммада бекитилип, жетишпеген акча каражатына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү менен кабыл алынсын.
5. Мектептердин ремонтуна, 1 - 4-класстардын тамак-ашына жана электр энергияга керектелүүчү акча каражаты Республикалык бюджеттен өткөрүп берүүчү каражаттар аркылуу берилгендигинин негизинде сметада каралбагандыгы белгиленсин.
6. Жергиликтүү жана Республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражатты чыгымдоону жыл ичинде өз максатында, сарамжалдуу пайдалануу бардык мектептин, балдар бакчалардын жана маданий мекемелердин жетекчилеринен талап кылынсын жана аны көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Б.Мамановко тапшырылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл округунун башчысы А.Салиевке милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |