Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-апрели №25/4
Ленин айылдык округунун аймагына 2005-жылдан бери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган же капиталдык ремонттон өткөзүлгөн соц обьектилердин жана ири суммада алынган негизги каражаттардын кириштелиштери жөнүндө
Ленин айылдык округунун кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык округунун аймагына 2005-жылдан бери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган же капиталдык ремонттон өткөзүлгөн соц обьектилердин жана ири суммада алынган негизги каражаттардын кириштелиштери боюнча Б.Мамановдун билдирүүсү эске алынсын жана айыл округунун балансасына кабыл алынгандыгы белгиленсин.
2. Мурдаш айылындагы Кызыл-Булак айылында Ага-Хан уюму тарабынан 2006-жылы курулган мончонун тийиштүү документтерин тактап, айыл округунун балансасына өткөрүп берүү жагы Мурдаш айылынын айыл башчысы Б.Максутбаевке тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл округунун ФЭБ башчысы Б.Мамановко тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |