Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-апрели№25/6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун Ленин айылдык округунда ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 токтомун угуп жана талкуулап
Ленин айылдык округунун заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы №181 токтому жетекчиликке алынсын жана аткарылышы камсыздалсын.
2. Ленин айылдык округунун улуу салык инспектору И.Алимбаевге улуу салык инспектору кызматы кыскарып кеткендиктен башкы адис (юрист) кызматына дайындоо,ошону менен бирге юристтин айыл округунда иш алып баруу көлөмү женил болгондугуна байланыштуу улуу салык инспекторунун ишин кошо жүктөө, мындан сырткары аскердик эсепке алуу боюнча инспектор (ВУС) жетектөөчү адистик кызматына 0,5 штаттык бирдикте кабыл алуу менен статист-экономист (адис ) штаты кыскаргандыгына байланыштуу статист-экономистин ишин кошо жүктөө жагынан уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл округ башчысы А.Салиевке тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |