Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-апрели №26/1
Ленин айылдык округунун аймагындагы Күн-Элек, Мурдаш, Согонду, Гагарин айылдарынын жайлоого көчүп чыгуу жана көчүп келүүсү боюнча
Ленин айылдык округунун №2 сегиз мандаттуу Кызыл - Коргон айылынын депутаты А.Арзибековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айылдык округунун № 2 сегиз мандаттуу Кызыл-Коргон айылынын депутаты А.Арзибековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. 2012-жылдын 15-майына чейин көчүп чыгышсын жана элдин малын баккан чабандар көрсөтүлгөн мөөнөттө көчүп кетпесе 500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, айыл округунун счетуна түшүрүлсүн.
3. Ленин айылдык округунун аймагындагы элдин малын баккан чабандар айыл округунун тургундарынын малы үчүн ар бир койдун башына 60 сомдон болуп эсептелинсин. Ал эми сырттан келген койго ар бир башына 30 сомдон ай сайын, бодо малга 100 сомдон ай сайын налог айыл округунун счетуна төгүлсүн.
4. 50 (элүү) койдон ашкан малы бар тургундар Алай жайлоосуна көчүп чыгышсын жана Алай жайлоосундагы Ленин айылдык округуна бөлүнгөн жайыт жерлерди, солдаттар чоп оруу үчүн талашкан жерлерди чечип берүү жагы Алай райондук мамлекетттик админстрациясынан суралсын.
5. Элдерди жайлоого көчүрүп чыгуу айыл башчыларга жана аппарат кызматкерлерине тапшырлысын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл округунун башчысы А.Салиевке жана айылдык округунун кеңешинин төрагасы Н.Матановко тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | Н.Матанов |