Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-майы №26/3
Ленин айылдык округунун аймагындагы мөөнөтү жеткен госфондунун жерлерин аукционго коюуу, баштапкы баасы жөнүндө
Ленин айылдык округунун аймагындагы мөөнөтү жеткен госфондунун жерлерин аукционго коюуу, баштапкы баасы боюнча Ленин айылдык округунун кеңешинин депутаты А.Арзыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык округунун кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ленин айылдык округунун аймагындагы мөөнөтү жеткен госфондунун жерлерин аукционго коюуу, баштапкы баасы боюнча Ленин айылдык округунун кеңешинин депутаты А.Арзыбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ленин айылдык округунун аймагындагы мөөнөтү жеткен госфондунунун кайра айдоо жеринин баштапкы баасы 500 сом, чоп чабынды-1000 сом болуп бекитилсин, арендага берүү мөөнөтү 3 жылга белгиленсин жана айылдык округуна башка жактан келген атуулдарга берүүгө уруксат берилбесин.
3. Ленин айылдык округунда аукцион өткөрүүдө төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1. А.Арзыбеков–Ленин айылдык округунун айыл чарбасы жана жерге жайгаштыру убоюнча башкы адиси,комиссиянын төрагасы.
2. С.Арзиев- Айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасынын орун басары.
МҮЧӨЛӨРҮ:
3. С.Раманов-Ленин айылдык округунун башчысынын орун басары
4. Т.Абиев-Ленин айылдык округунун ФЭБ башчысынын орун басары.
5. О.Назарбаев-С.Жаанбаев атындагы орто мектептин мугалими
6. Б.Максутбаев –Мурдаш айылынын айыл башчысы.
7. У.Токтокунов –Күн-Элек айылынын айыл башчысы
8. А.Нурматов – Айылдык кеңештин депутаты
9. И.Алимбаев –Ленин айылдык округунун улуу салык инспектору
10. З.Карагулов –Айылдык кеңештин депутаты
11. Б.Раманов -Айылдык кеңештин депутаты.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |