Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-апрели №121
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2012-жылга иш-пландарын бекитүү жөнүндө
Салам-Алик кеңешинин жооптуу катчысы Нышанбаев Дүйшөбайдын айылдык кеңештин 2012-жылдагы кабыл алынуучу иш-планын талкуулап Салам-Алик айылдык кеңешинин 4-чакырылыш 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айылдык кеңешинин 2012-жылга кабыл алынган иш-планы бекитилсин.
2. Кабыл алынган иш-планга ылайык айылдык кеңештин ишин алып баруу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жана жооптуу катчысы Нышанбаев Дүйшөбайга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарлышын көзөмөлдөөнү өзүмдө калтырамын.
Салам-Алик кеңешинин төрагасы |
Чыбышев Т.
|
| Бекитилди айылдык кеңештин 2012-жыл сессиясынын № 121 токтому менен |
Салам-Алик айылдык кеңешинин иш планы
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | Мөөнөтү | Ким аярдайт | Ким билдирүү жасайт |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
I квартал | ||||
1 | Айылдык кеңештин 2012-жылга иш планын бекитүү | Февраль | Жооптуу катчы | Нышанбаев Д |
2 | Айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы аткарылган иштери жөнүндө маалыматы жана 2012-жылга аткарыла турган иш пландары | Февраль | Жооптуу катчы | Инашов С |
3 | Айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы бюджетинин аткарлышы жана 2012-жылдын бюджетинин киреше-чыгаша булактарын бекитүү | Февраль | Туруктуу комиссия | Нуралиева К |
4 | Айыл өкмөтүнүн 2012-2016-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы жөнүндө долбоорун жана иш-чарасын бекитүү | Февраль | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары | Сатыбалдыев Р |
5 | Ар түрдүү маселелер | Февраль |
|
|
II квартал | ||||
1 | Каада-салттардагы ыксыз чыгымдарды жоюууда коомчулуктун иш-аракеттери | Август | Туруктуу комиссия | Соц адис Завытахунова Н айыл башчылар |
2 | Турак жай-курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын отчету | Май | Туруктуу комиссия | Сатыбалдыев Р |
3 | Малдардын арасында жугуштуу оорулардын алдын алууда Салам-Алик вет сервисинин иштери жөнүндө | Май | Туруктуу комиссия | Алибеков М |
4 | Өзгөчө кырдаалдар, экология, таза суу маселелери жөнүндө | Май | Туруктуу комиссия | Сатыбалдыев Р |
III квартал | ||||
1 | Билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына кышкы сезонго даярдыгынын абалы | Август | Туруктуу комиссия | Сатыбалдыев Р |
2 | Медицина, маданият, спорт тармактарынын иштери жөнүндө | Август | Туруктуу комиссия | Сатыбалдыев Р, Жамантаев Ж |
3 | Участкалык жана өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекциялардын иш алып баруу боюнча отчеттору | Август | Туруктуу комиссия | Акматжанов С |
4 | Ар түрдүү маселелер | Август |
|
|
IV квартал | ||||
1 | Айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык көрсөткүчүнүн 2012-жылга аткарылышы | Ноябрь | Туруктуу комиссия | Сатыбалдыев Р |
2 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 9 айлыгынын аткарылышы | Ноябрь | Туруктуу комиссия | Нуралиева К |
3 | Жайыт комитегинин отчеттук иштери | Ноябрь | Туруктуу комиссия | Чыбышев Т. |
4 | Ар түрдүү маселелер | Ноябрь |
|
|
Салам-Алик кеңешинин төрагасы |
Чыбышев Т. |