Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-апрели №123
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2012-2016-жылдарга экономикалык өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Сатыбалдыев Равшандын маалыматын угуп Салам-Алик айылдык кеңешинин 4-акырылышынын 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-февралындагы № 15 "Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2012-2016-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы жөнүндөгү" токтому бекитилсин жана кабыл алынган № 1,2,3, тиркемелериндеги инвестициялык долбоорлору жана иш чаралары жактырылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2012-2016-жылдарга карата экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясына киргизилген инвестициялык долборлорго инвесторлорду тартуу, аларга өз убагында мониторинг жүргүзүп туруу жана алардын аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө, айыл-чарба жана коммуналдык кызматкерлерге, айыл башчыларга жүктөлсүн.
3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин финансы-экономика жана бюджет маселелери боюнча коммиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасы | Чыбышев Т.
|