Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №22
2011-2012-жылдардын күз-кыш мезгилине карата жылуулук-энергетика комплексинин ишканаларынын ( ОшЖЭБ, "Жылуулук-камсыздоо" МИ, Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасы, Газчарба башкармалыгы, ОшРЭТ,Ош шаардык электр энергиясын сатуу бөлүмү,шаардык аймактык оорукана жана шаардык билим берүү башкарма-лыктарынын) жүргүзгөн иштери жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2012-жылга бекитилген иш-планына ылайык 2011-2012-жылдардын күз-кыш мезгилине карата жылуулук-энергетика комплексинин ишканаларынын ОшЖЭБ, "Жылуулуккамсыздоо" МИ, Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасы, азчарба башкармалыгы, ОшРЭТ,Ош шаардык электр энергиясын сатуу бөлүмү, шаардык аймактык оорукана жана шаардык билим берүү башкармалыктарынын маалыматтарын алып, жогоруда айтылган айрым мекеме ишканалардын иш ордуна чыгып текшерип көрүп кандай иш чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу Ош шаарынын вице-мэри И.Ражаповдун маалыматын угуп жана талкуулап жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-2012-жылдардын күз-кыш мезгилине карата жылуулук-энергетика комплексинин ишканаларынын ОшЖЭБ, "Жылуулуккамсыздоо" МИ, Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасы, Газчарба башкармалыгы, ОшРЭТ,Ош шаардык электр энергиясын сатуу бөлүмү,шаардык аймактык оорукана жана шаардык билим берүү башкармалыктарынын жүргүзгөн иштери жөнүндөгү билдирүүлөрү жана Ош шаарынын вице-мэри И.Ражаповдун билдирүүсү эске алынсын
2.Ош шаарынын мэри (М.Мырзакматов):
-Оштогу жылуулук-электр борборуна (А.Аттокуров): 2012-2013-жылдарда шаарда кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук тармактарын кайра калыбына келтирүү жумуштарын толугу менен бүткөрүү, мекемени жаратылыш газы жана мазут менен толук көлөмдө камсыздоо жана жылуулук тармактарынын түтүктөрүн даярдоо боюнча жумуштарын тийиштүү деңгээлде аткаруу;
-«Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына (К.Алишеров) жылуулук албаган, жылуулук системалары көп жылдан бери иштебей, калган көп кабаттуу үйлөрдүн системаларын ондоо, жылуулуктан пайдалангандардын дебитордук карыздарын кыскартуу жана жоюу боюнча иш чараларды күчөтүү, 2012-2013 жылда жылуулук берүү өнөктүгүнө тиешелүү даярдык көрүү;
- Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына (К.Жолдошев) 2012-2013-жылдардагы күз-кыш мезгилдерин ийгиликтүү өткөрүү боюнча көп кабатуу үйлөрдүн жылулук системаларын өз убагында ондоо иштерин тездетүү милдеттендирилсин;
-Ош шаардык электр энергиясын сатуу бөлүмүнө (А.Ташболотов) электр энергияны үнөмдүү пайдалануу, жоготуулардын алдын алуу жана дебитордук карызды өндүрүү, абоненттер менен келишим түзүү;
-Ош райондук электр тармактарына (РЭС) (Б.Токторбаев) капиталдык жана кезектеги оңдоо иш чараларын жүргүзүү, энергообьектилерди куруу жана реконструкциялоо, талапка жооп берген трансформатордук подстанцияларды орнотуу, трансформатордук подстанцияларды жетиштүү деңгээлде май менен камсыздоо, аба зымдары тартылган жерлерде ток өткөрүүчү зымдарга жакын өскөн дарактардын бутактарын кестирүү;
-Шаардык газ чарба башкармалыгына (М.Аматов) орто жана төмөн басымдагы газ түтүктөрүн алмаштыруу, жаратылыш газын пайдалануучуларга жеткирүүдө анын жоготуу көлөмүн кыскартуу, орто жана төмөн басымдагы жер алдында жайгашкан газ түтүкчөлөрүн сыртка чыгаруу, мыйзамсыз салынган обьекттерди ордунан жылдыруу, ошондой эле дебитордук карыздарды жоюу боюнча кескин чараларды көрүү жана жаратылыш газын пайдалануучуларга сатууну карталык эсеп системасына өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишти аягына чыгуу:
-Шаардык билим берүү башкармалыгына (Г.Машрапова) мектептердин жана балдар бакчаларын ички жылытуу системаларын тийиштүү деңгээлде даярдоо, жетиштүү өлчөмдө көмүр менен өз учурунда камсыздоо;
-Шаардык аймактык ооруканага, оорукананын жана филиалдарынын ички жылытуу системаларын тийиштүү деңгээлде даярдоо, талапка ылайык изоляциялоону камсыз кылуу;
3. Бул токтомдун аткарылышынын жүрүшү боюнча жазуу жүзүндө маалымат шаардык мэрия жана тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан депутаттардын Ош шаардык кеңешине ай сайын берилип турсун.
4. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекси жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |