Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу №23
Ош шаарындагы аймактык кеңештердин жана аксакалдар сотторунун аткарып жаткан иштери жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынчы башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын аймактык кеңештердин жана аксакалдар сотторунун аткарган иштери боюнча маалыматын талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынчы башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын аймактык кеңештер жана аксакалдар сотторунун аткарган иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынчы башкаруу. инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы (Н.Сабирова) менен Ош шаарынын мэриясы (М. Мырзакматов) «Ош шаарынын аймактык кеңештери жөнүндөгү» Жобону мыйзам чегинде кайра иштеп чыгып, анын долбоорун депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна сунуштоо тапшырылсын.
3. Аксакалдар сотторунун төрагаларына ай сайын аткарылган иштери боюнча Ош шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынчы башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык коммиссиясына маалымат берип туруусу милдеттендирилсин.
4. Аймактык кеңештердин жана аксакалдар сотторунун терагаларына өздөрүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматты массалык-маалымат каражаттары аркылуу калкка жеткирип туруусу милдеттендирилсин.
5. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов)
- Ош шаарындагы аймактык кеңештерге берилген токтомдордун, буйруктардын, кирүү-чыгуу документтердин катталуусун жана протоколдук тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө;
- аймактык кеңештерде аткарылыган иштер боюнча квартал сайын отчет алуу жана депутаттардын Ош шаардык кеңешине маалымат берүү тапшырылсын.
6. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын (А.Алимбекова) жана массалык маалымат каражаттарына (Б.Матисаков) жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынчы башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Сабирова) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Сабиров |