Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-апрели №119
Ак-Жар айылдык өкмөтүнүн 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга каралган бюджеттин бекитүү жөнүндө
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга пландаштырылган экономикалык болжолдор айыл башчылардын, айыл чарба субьектилеринин катышуусу менен алдын ала комиссияда каралып, депутаттардын киргизген сунуштарынын негизинде Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылга Ак-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 19 954,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2012-жылга Ак-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана сарпталуучу чыгаша булактары тиркемелерге (№1-6) ылайык бекитилсин.
3. Айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү үчүн чыгымдарын компенсациялоо ар бир сессияга 396,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн резервтик фондусунун суммасы 199,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2011-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү19 441,2 миң сомго, чыгаша бөлүгү19 441,2 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Г.Токтосуновага жана «бюджет, финансы-экономика боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Кадыралиев
|