Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-январы №25/2
Жошолу айылдык округунун 2012-жылга карата айылдардын өнүктүрүү боюнча стратегиялык планынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Жошолу айылдык округунун 2012-жылга карата түзүлгөн айылдардын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө даярдалган стратегиялык өнүгүү планынын долбоорун угуп жана талкуулап, аны ишке ашыруу максатында Жошолу айылдык кенешинин IV чакырылышынын XXV заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык округунун 2012-жылга карата айылдардын өнүктүрүү боюнча стратегиялык планынын долбоору жактырылсын.
2. 2012-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылуусу жөнүндө алымча кошумча менен бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасы жана туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Алдашев |