Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-январы №25/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды,Жаңы-Турмуш ички чарбалык катам жолду, Миязды, Жаны-Турмуш каналын Аюу-Тапан айылындагы элдүү пункуттарды,Кызыл-Булак айылыдагы ички чарбалык көпүрөнү, Талды-Булак участкасындагы элдүү пункуттарды селден сактоо жөнүндө
Осоавиахим айылынын айыл башчысы Сейитбеков жана айылдык кеңештин депутаты Б.Умидиновдордун билдирүүсүн эске алып, сел келүүчү участкаларга габион сетка менен дамба которуу максатында Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын ОКМнен төмөндөгүу жумуштарды аткарып берүү жагы суралсын.
-Жошолу айыл округунун Осоавиахим айылынын Тал-Булак сайынан келген селге каршы габион сетка менен дамба көтөрүү иштерин жүргүзүп берүү.
-Жошолу айыл округундагы Жаны-Турмуш,Миязды ички чарбалык каттам жолдун сенир участкасын сел өткөрүүчү темир бетон менен ачык латок куруп берүү жагы Кыргыз Республикасынын ОКМнен суралсын.
-Жошолу айыл округунун Миязды, Жаны-Турмуш каналынын жээктерин селден бекемдөө боюнча габион сетка менен дамба көтөрүү иштерин жүргүзүп беру.
-Жошолу айыл округунун Кызыл-Булак участкасындагы ички чарбалык эл каттаган көпүрөну ондоо.
-Аюу-Тапан участкасындагы Жошолу дарыясына жакын жайгашкан элдуу пункуттарды селден сактоо максатында Жошолу дарыясынан келүүчү селге габион сетка менен дамба көтөрүү иштерин жүргүзүп берүү.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айылдык округдун ОКТЖКЧ боюнча башкы адиси Б.Кебекбаевге жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Алдашев |