Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-апрелит № 26/3
Айыл округдун аймагына 2005-жылдан бери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган же капиталдык ремонттон өткөзүлгөн соц.обьектилердин жана ири суммада алынган негизги каражаттардын кириштелиштери боюнча.
Жошолу айылдык округунун кеңешинин заседаниеси карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ .
1. Айылдык округунун аймагына 2005-жылдан бери мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан тартылып курулган же капиталдык ремонттон өткөзүлгөн обьектер тийиштуу адистер аркылуу каттоого алынып, ресстрлери түзүлүп, айылдык округдун балансасына алынсын.
2. Ага-Хан, АРИС, МПО жана башка уюмдар тарабынан алынган жабдуулар курулган обьектилерден реестрлери түзулүп, классификацияларга болунуп айылдык округдун балансасына алынгандан кийин мамлекеттик каттоодон өткөрүү учун Алай райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына жиберилсин.
( тиркеме тиркелет .)
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык округдун ФЭБ башчысы И.Сатыбалдыевге милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлгө алуу жагы айылдык округунун башчысынын орун басары Т.Абдрахмановго жүктөлсүн.
Жошолу айылдык округунун кеңешинин төрагасы | К.Алдашев
|
|