Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 10-апрели №26 /7
Жошолу айыл округунун аймагындагы элди белгиленген убакта жайлоого көчүрүү жана жайытты туура пайдалануу жөнүндө.
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элди жайкы жайлоого көчүрүү Жошолу айыл округунда белгиленген мөөнөткө уюштурулсун .
2. Жайлоо территориялары аймактагы элдин мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу чектеш жайгашкан айылдык округдар менен келишим түзүлүп,туура бөлүштүрүлсүн .
3.Жайкы жайлоо убактысы элди көчүрүү 25-апрелден 15-майга чейин,.көчүп келуу 20-сентябрдан эрте эмес деп белгиленсин .
4. Жайыттарды туура пайдалануу жана чөп орунду аймакты , айыл чарба өсүмдүктөрүн.эгилген эгинди малга жедирбей сактоо максатында тийиштуу жайлоо участкаларында кароолдор уюштурулсун .
5. Чөп чабынды участкаларды, себилген айыл чарба өсүмдүктөрдү ,эгилген айдоо аянтарды себепсиз малга тебелетсе,жыйналып турган айыл чарба түшүмүн бузуу же жок кылуу отургузулган өсүмдүктөргө менчигинин формасына карабай мал же канаттуулар тарабынан зыян келтирилсе административдик жазыктар жөнүндө АЖЖКнын 185-186 беренесинин негизинде административдик жаза салынсын .
6. Административдик жаза төмөндөгүдөй белгиленсин.
а. Жайлоого өз убагында көчпөй же тушум жыйнала электе белгиленген графикти сактабаса же чөп чабынды участканы, себилген айыл чарба өсүмдүктөрү, айдоо аянтты эскертүулөргө карабай тебелетсе АЖЖКнын 185-186 беренесинин негизинде 5000(беш мин) сом өлчөмүндө администратвдик жазана салынсын .
б .Элди жайкы жайлоого көчүрүүдөн кийин эгин талаасын,чөп чабынды участкаларды эгилген айыл чарба өсүмдүктөрдү ат жана башка майда малдарды бош кое берип эскертүүлөргө карабай зыян келтирсе бодо мал үчүн 300 сомдон 500 сомго чейин ал эми жандыкка ( кой-эчкиге) 100 сомдон 300 сомго чейин жазана салынсын .
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл башчыларга.жамаат башчыларга жана тийиштуу адистерге милдеттендирилсин .
Жошолу айылдык округунун кеңешинин төрагасы | К.Алдашев
|