Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жыл 10-апрель № 26/8
Айылдык округдун аймагында каада-салттарды, ырым-жырымдарды, урп адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндө
Жошолу айылдык округдун аймагында жашаган калктын жашоо турмушундагы ашыкча ыгым-чыгымдарды жоюу менен жалпы элдин экономикалык-социалдык таламдарын коргоо, үй-бүлөлүк жакырчылыктын денгээлин төмөндөтүү,жарандардын турмушундагы экономикалык социалдык бекем пайдубалды,моралдык-нравалык баалууктарды, адамдык үй-бүлөлүк, улуттук,элдик укуктарды камсыздоо,чындоо жана коомдук тартипти сактоо максатында АРМАнын 25.02.2012 жылдын № 12 токтомун жетекчиликке алуу менен бул максатта Айылдык округдун аймагында ар бир айылда өткөрүлгөн элдик жыйындардын корутундуларын ( протоколдорун ) карап чыгып талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл округунун аймагында каада-салтарды, ырым жырымдарды, урп адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү жөнүндөгү жобо жактырылсын.
( тиркеме тиркелет.)
2.Окуу жайлардын мекемелердин окуучулардын турмушундагы мурда салтта эч болбогон убарагерчиликтерге, мамлекеттик мыйзамдар менен каралбаган,үй-бүлөлүк бюджетке терс таасирин тийгизген ысырапкерчиликтерге,туулган күн,классташтар отуруш топтоп,мектепке кабыл алууда, Алиппе жана башка ушул сыяктуу ментолитке туура келбеген уяттуу жосунсуз юбилейлерди өткөрүүгө ,белек берүүгө мамлекеттик экзамендерден жана акыркы конгуроодон кийин окуучулар арасында ат,автоунаа менен коштолгон сейилдөөлөрдү өткөрүүгө тыюу салынсын.
( Туулган күн өткөрүү ,белгилөө жеке атуулдардын өз ыктыяры менен үй бүлөсүндө өткөрүлүсү мүмкүн.)
3. Нике кыюу аземи салтка ылайык , ал эми никеге каттоо эрежеси мамлекеттин мыйзамдарына туура келгендей эки жаштын жана эки тараптын макулдугу менен өткөрүлөт. Бул салтанатты өткөрүүдө той кечки саат 22-00 чейин,ал эми ЗАГСка чыгарууда 3 – 5 ке чейин автомашина колдонуу жагы эске алынсын .
4. Маркумду акыркы сапарга узатууда,сөөк коюуда,аза күтүүдө жалпы калктын жана элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен жылкы,үй түрүндөгү мал союуга,сөөк коюуга аза күтүүгө келгендерди конок кылып сыйлоого, ичимдик берүүгө,ичуугө,бейшембилик ,жетилик, кырктык өткөрүүгө ,жылдык өткөрүүдө баалуу кийим кече беруугө ,кийгизүүгө,ири суммадагы эстеликтерди коюуга ,орнотууга,жыртыш берүү,тон кийгизуу сыяктуу жоруктарга барууга тыюу салынып,ага жол бербөө үчүн аракеттер көрүлсүн.
5. Кыргыз элинин ,жалпы мусулман элдеринин ментолитетин эске алып, сөөк коюуга , маркумду акыркы сапарга узатууга, алыстан келген конокторду эске алуу менен жалпы сөөк коюуда бир же эки баш гана кой союлуп ,көп каражат сарпталбаган сый менен гана өткөрүү жагы калктын калын катмарына түшүндүрүлсүн.
6. Маркумду акыркы сапарга узатууда, сөөк коюуда ошол үй-бүлөөнүн үй бүлөлүк каражаттарына таянып,өз ыктыярына жараша эки жашка чейинки үй түрүндөгү бодо мал союу жагы белгиленсин .
7. Айыл округунун аймагындагы бардык айылдарда бул жобонун талаптарын аткаруу, аны жайылтууга жетишүү тиешелүү аппарат кызматкерлерге,айылдык кенештин депутаттарына,аксакалдар,аялдар,жаштар комитеттерине жана дин кызматкерлерине милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду аткарууну колго алуу айыл округунун бардык элинин, коомчулуктун,аппарат кызматкерлеринин,айылдык кеңештин депутаттарынын,бардык мекеме жетекчилеринин милдеттери экендиги белгиленсин.
9. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык кенештин социалдык, маданий,билим берүү , саламаттыкты сактоо ,жаштар, коомдук уюмдар, диний бирикмелер менен иштоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жошолу айылдык округунун кеңешинин төрагасы | К.Алдашев
|