Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-марты № 1
«Аска» акционердик коомунун карызынын эсебинен өндүрүлгөн 12913 м 2 жер тилкесин турак жай куруу үчүн сатууга макулдук берүү жөнүндө
«Аска» акционердик коомунун карызынын эсебинен өндүрүлгөн 12913 м2 жер тилкесине турак жай куруу максатында Отуз–Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облустук райондор аралык сотунун 2008-жылдын 25-июнундагы аныктамасынын негизинде «Аска» акционердик коомунун карызынын эсебинен өндүрүлгөн 12913 м2 жер тилкеси турак жай куруу үчүн 600 м2 өлчөмүндө жарандарга сатууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда аталган жер тилкесин сатуу жөнүндөгү жарыялар баракчалар түрүндө жана Кара-Суу базарынын радио түйүнү аркылуу берилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарды даярдоо жагы айыл өкмөттүн башкы адиси Т.Торомурзаевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин депутаты Э.Ташматовго тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы | О.Айдаров
|