Загрузка документа…
КАРА-СУУ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-ноябры №17/87
III группадагы майыптарга ишкана-мекемелерде, айыл өкмөттөрдө жумуш орундарын түзүп берүү жөнүндө
Райондук эмгек, ишке орноштуруу жана миграция бөлүмүнүн Кыргыз Республикасыиын «Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары жана кепилдиктери» жөнүңдөгү Мыйзамынын 28-беренесине ылайык "III группадагы майыптарга ишкана-мекемелерде, айыл өкмөттөрдү жумуш орундарын түзүп берүү жөнүндөгү" маселесин карап жана талкуулап, депутаттардын Кара-Суу райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук эмгек, ишке орноштуруу жана миграция бөлүмүнүн башчысы З.Тургунбаевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Район аймагындагы III группадагы майыптарга жумуш орундары ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы район аймагындагы ишкана-мекеме башчыларына, шаар башкармасына, айыл округ башчыларына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы райондук кеңештин социалдык-маданий маселелер, маалымдуулук, жаштар иштери, бюджету жана каржы маселелери, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы |
Б. Каратаев
|
| Депутаттардын Кара-Суу райондук кеңешинин кезектеги 2011-жылдын 23- ноябрындагы XII сессиясынын №17/87 токтомуна тиркеме |
№ • | Айыл округдары жана ишкана-мекемелердин аталышы | III группа майыптарына жана кургак учук менен ооругандарга |
1 | «Ак- Алтын» АК | 1 |
2 | «Кара-Суу Дан-Азык» АК | 1 |
3 | «Даннур-Юг» жоопкерчилиги чектелген бирикмеси | 1 |
4 | «Ош-Дюбек» АК | 2 |
5 | «КААПТ Эргеш-Ата» жоопкерчилиги чектелген бирикмеси | 1 |
6 | «Асли-Текстиль » С П | 1 |
7 | «Корпорация Пиримтекс»ЖЧК | 2 |
8 | Аймактык оорукана | 1 |
9 | Райондук билим берүү бөлүмү | 2 |
10 | Райондук социалдык Фонд башкармасы | 1 |
11 | Райондук социалдык коргбо башкармасы | 1 |
12 | «Атакан» АК | 1 |
13 | «Жибек Жолу» АК | 1 |
14 | Райондук Мамкаттоо | 1 |
15 | Ак-Таш айылдык айыл округу | 1 |
16 | Жоош айыл округу | 1 |
17 | Жаны-Арык айыл округу | 1 |
18 | Кашкар-Кыштак айыл округу | 2 |
19 | Кызыл-Кыштак айыл округу | 2 |
20 | Катта-Талдык айыл округу | 1 |
21 | Кызыл-Cуу айыл округу | 1 |
22 | Мады айыл округу | 1 |
23 | Нариман айыл округу | 2 |
24 | Отуз-Адыр айыл округу | 1 |
25 | Папан айыл округу | 1 |
26 | Савай айыл округу | 1 |
27 | Сарай айыл округу | 2 |
28 | Телейкен айыл округу | 1 |
29 | Шарк айыл округу | 2 |
30 | Сары-Колот айыл округу | 1 |
31 | Кара-Суу шаар башкармасы | 1 |
| БААРЫ | 39 |
Кара-Суу райондук кеңешинин жооптуу катчысы |
А.Калматова
|