Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-сентябры № 14/2
Алай райондук кеңешинин 2.03.2004 - жылдагы № 28/5 токтому менен кабыл алынган Алай райоунун "Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу боюнча жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Алай райондук кеңешинин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кенештердин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдируусун угуп жана талкуулоонун негизинде Алай райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай райондук кеңешинин Алай районунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча жобосу өзгөртүү жана толуктоолор менен бекитилсин (жобо тиркелет).
2. Алай райондук кеңешинин мыйзамдуулук укук тартибин чындоо, кеңештердин иштери жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жобонун талаптарын сактоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Алай райондук кеңешинин төрагасы |
Т.Н. Сарыбашов |