Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-апрели №25/3
Ленин айылдык округунун кеңешинин 2012 - жылдын атайын каражат боюнча бюджетин кабыл алуу жөнүндө
2012-жылы Ленин айылдык округуна караган балдар бакчаларына ата - энелердин мүчөлүк акыларынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгүн эске алып Ленин айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ленин айылдык округу боюнча атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасы 160,0 миң сомго бекитилсин(тиркеме тиркелет)
2. Жыл ичинде ата-энелердин мүчөлүк акысынын жана көмөкчү чарбасынын сметада каралган суммадан ашыкча киреше түшсө, кошумча смета түзүп, чыгаша бөлүгүн иштетүүгө руксат берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл округунун башчысы А.Салиевке милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Матанов |