Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25- апрели №29/1
Нариман айыл Өкмөтүнүн аймагында 2012-2015-жылдардын орто аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолун бекитүү жөнүндө
Нариман айыл Өкмөтүнүн аймагында 2012-2015-жылдардын орто аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп , талкуулап Нариман айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айыл Өкмөтүнүн аймагында 2012-2015-жылдардын орто аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолу бекитилсин (№1 тиркеме)
2. Кабыл алынган социалдык -экономикалык болжолдун бардык көрсөткүчтөрн толук жана ашыгы менен аткаруу максатында чарба жүргүзүүчү бардык субъектилери талапты күчөтүп, орун алган кемчиликтерди жоюу, ички жана тышкы резервдерди толук пайдалануу менен айыл Өкмөтүнүн экономикасын мындан ары туруктуу которуу боюнча натыйжалуу чараларды коруу жагы айыл Өкмөтүнө, айыл башчыларына, дыйкан, фермер, үрөөнчүлүк чарбаларга , кеңештин туруктуу комиссияларына сунуш кылынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык округунун Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Исаков |