Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-апрели №19
Каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана салтанат тарды өткөрүүдө ашыкча ысырап-керчиликке жол бербөө жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, мектеп директорлору, айыл аксакалдары, имамдары, аялдар жана жаштар кеңешинин мүчөлөрү менен бирдикте айылдарда каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды жана салтанаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөөнү карап жана талкуулап
Төрт-Көл айылдык округунун кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн айылдарында каада-салттарды, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды, салтанаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө жана азайтуу боюнча төмөнкүлөр бекитилсин.
-тажияларда маркумду узатууда бир же эки кой союлсун.
-маркумду узатууда алынып келинген кийит кийгизилбесин.
-маркумдун кыркына жана жылдыгына себет алынып келинбесин, анын ордуна 100 сомдон 500 сомго чейин акча берилсин.
-маркумдун кыркына жана жылдыгына табак көтөрүп келүү токтотулсун, анын ордуна 50 сомдон акча берилсин.
-никени мамлекеттик каттоого алуудагы шаан-шөкөттү 3 жеңил автомашина менен өткөрүү жагы каралсын.
2. Ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды, каада-салттарды жана салтанаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө үчүн ар бир айылда комиссия түзүлсүн (тиркемеси тиркелет).
3. Түзүлгөн комиссияларга эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тойлордо жана тажияларда кечке туру жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөндөрү боюнча ар бир айылда элдик жыйынды өткөрүп талкуулоо жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы мыйзам, укук, тартип, социалдык маданий коммуналдык масселелер, жаштар, план бюджет иштери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрт-Көл айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Пусуров |