Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-апрели №3/2
Падаван айылындагы Кун-Нуру–Шарк Шарк айылындагы Ак Шоола- Шарк жана Маданият айылындагы Бучур- Маданият балдар бакчаларынын атайын эсеп боюнча ата-энелер взносунун (толомдорун) өлчөмүн жана сметасын бекитүү жөнүндө
Республикалык бюджетин каржылоосу менен иштеп жаткан Падаван айылындагы Кун-Нуру-Шарк, Шарк айылындагы Ак Шоола-Шарк, Маданият айылындагы Бучур- Маданият балдар бакчаларынын атайын эсеп боюнча ата-энелер взносунун (төлөмдөрүн) өлчөмү жана сметасы жөнүндөгү маселени карап Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл өкмөтүнүн Падаван айылындагы Кун-Нуру-Шарк, Шарк айылындагы Ак Шоола-Шарк жана Маданият айылындагы Бучур-Маданият балдар бакчаларынын атайын эсеп боюнча ата-энелер взносунун (төлөмдөрүнүн ар бир балага) 400 сом өлчөмүндө бекитилсин жана анын эсеби айыл өкмөтүнүн банктык атайын эсеби менен жүргүзүлсүн.
2. Кун-Нуру-Шарк, Ак Шоола-Шарк, Бучур-Маданият балдар бакчалары боюнча ата-энелер взносу (төлөмдөрү) боюнча түзүлгөн сметасынын киреше бөлүмү 1320,0 мин сом, анын ичинен тамак аш үчүн 825,0 мин сом жана ар түрдүү чыгымдарга 100,0 мин сом бөлүп бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маруфий |