Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012 – жылдын 17 – январы № 22/1
Будалык айылдык округундагы шайлоо участкаларын түзүү жана алардын чек араларын белгилөө жөнүндө
Айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук ,этика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Будалык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Будалык айылдык округунун аймагында эки шайлоо участогу белгиленсин.
Алардын чек аралары томөндөгүдөй тартипте белгиленсин.
А) Будалык шайлоо участкасына - Кайнама (Жаңы Будалык ), Кара-Суу , Кум-Шоро, Тамга Терек айылдары бекитилсин. Добуш берүүчү жай: Будалык айылдык округунун имараты.
Октябрь шайлоо участкасына - Октябрь, Шалбаа айылдары бекитилсин. Добуш берүүчү жай Ж. Бубаев атындагы орто мектебинин имараты.
Будалык айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Тобокалов |