Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-майы №21/5
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бердибеков атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу, эшик-терезелерин жаңылоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бердибеков атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу, эшик-терезелерин жаңылоо үчүн акча каражатын бөлүү максатында Жоош айылдык Кеңешинин кезексиз XXI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Бердибеков атындагы орто мектебинин чатырын жана эшик-терезелерин жаңылоого түзүлгөн чыгымдар сметасынын жалпы суммасынын 20 пайызы 600,0 миң сом акча каражаты Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2011-жылдан калган кирешенин калдыгынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Жоош айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Утуров |