Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-майы №21/4
Ар түрдүү маселелердеги атуулдардан түшкөн арыз-даттанууларды кароо жөнүндө
Маданият айылынын, 2012-жылдын 14-апрелиндеги, 27-майындагы жана 29-майындагы элдик жыйындын протоколдорунун негизинде Жоош айылдык Кеңешинин кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык Кеңешинин аймагындагы Маданият айылынын Детсад көчөсүнө Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Токтосунов Мамажандын аты берилсин.
2. Жоош айылдык Кеңешинин аймагындагы Маданият айылынын өзү жашаган көчөгө Исаков Меңиштин аты берилсин.
3. Жоош айылдык Кеңешинин аймагындагы Маданият айылынын өзү жашаган көчөгө Жолдошов Апсаматтын аты берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Утуров |