Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-майы №21/3
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы суу пайдалануучулар ассоциацияларынын 2011-жылдагы аткарган иштери жана 2012-жылга милдеттери жөнүндө
Жоош айылдык кеңешинин алдында түзүлгөн айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү О. Жаанбаев жана У.Туркбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин кезексиз 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Султан-Наз» (Жээнбеков М), «Конурат-Юг» (Кошунбаев Т.), «Жоош-Канал» (Жусупов Н.), «Кызыл-Кошчу-Суу» ( ), «Кызыл-Сарай-Суу» (Туркбаев У), «Ражап-Суу»( ), "Маданият-Суу"( ) суу пайдалануучулар ассоциациясынын, «Абзел» ИСКАКБ (Жаанбаев О.) 2011-жылда аткарган иши докладчынын билдирүүсү жана депутаттардын сунуштарынын негизинде канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жетекчилерине 2011-жылда кетирилген кемчилдиктерди ондоо, элди үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыз кылуу, пайдаланылган сугат суу төлөмдөрүн өз убагында өндүрүү жана каналдарды, СПАга тийиштүү болгон арыктарды өз убагында сапаттуу чаптырууну камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Пайдаланылган сугат суу төлөмдөрүнүн көлөмүн жер салыгынан ашырбоо, сууга төлөнгөн акча каражаттарын өз убагында банкка төгүп кириштөө жагы СПАлардын жетекчилерине милдеттендирилсин, убагында жогорудагы пункттарды аткарбаган СПАнын жетекчилерине катуу чара көрүлө тургандыгы эскертилсин жана 2012-жылдын сентябрь айындагы айылдык Кенештин сессиясында кароо жагы сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Утуров |