Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-майы №21/2
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик сорт сыноочу участкасынын 2011-жылдагы аткарган иштери жана 2012-жылга милдеттери жөнүндө
Жоош айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Карабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик сорт сыноочу участкасынын (Ж.Садиров) 2011-жылда аткарган иши докладчынын билдирүүсү жана депутаттардын сунуштарынын негизинде канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Мамлекеттик сорт сыноо участкасынын жетекчиси Ж.Садировго 2011-жылда кетирилген кемчилдиктерди ондоо, айыл чарба продукцияларын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттик сорт сыноочу участкасына тийиштуу бол гон 72,3 га жер аянтынан сапаттуу үрөндөрдү өндүрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Мамлекеттик сорт сыноо участкасына тиешелүү болгон жер аянттарын эффективдуу пайдалануу жолго коюлбаса мамлекеттик сорт сыноочу участкасынын жетекчисине чара көрүлө тургандыгы эскертилсин жана 2012-жылдын сентябрь айындагы айылдык Кенештин сессиясында кароо жагы сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Утуров |