Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-майы №21/1
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясынын 2011-жылдагы аткарган иштери жана 2012-жылга милдеттери жөнүндө
Жоош айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Карабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин кезексиз XXI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясынын (жетекчиси Ы.Ташбеков) 2011-жылда аткарган иши докладчынын билдирүүсү жана депутаттардын сунуштарынын негизинде канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясынын жетекчиси Ы.Ташбековго 2011-жылда кетирилген кемчилдиктерди ондоо, айыл чарба продукцияларын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, станцияга тийиштүү болгон 188 га жер аянтын станциянын өзү иштетүүсүнө жетишүү жана сапаттуу үрөндөрдө өндүрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кыргызстан пахтачылык тажрыйба станциясына тиешелүү болгон жер аянттарын субарендага берип иштетүү тажрыйбасы жолго коюлбаса тажрыйба станциянын жетекчисине чара көрүлө тургандыгы эскертилсин жана 2012-жылдын сентябрь айындагы айылдык Кенештин сессиясында кароо жагы сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Утуров |