Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17 майы №20/5-5
Жоош айылдык округунун жайыттарынын тышкы чек араларын жана анын аянттарын бекитүү жөнүндө
Жоош айылдык округунун жайыттары Шарк, Мады, Кашкар-Каыштак, Сарай, Ак-Таш, Отуз-Адыр, Сары-Колот, Жаңы-Арык, Катта-Талдык айылдык округдары менен чектешет жана чектешкен участкалар боюнча талашуулар, пикир келишпестиктер жок экендигин көрсөткөн 25.04.2012-ж. актысына ылайык Жоош айылдык Кенешинин кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык округунун жайыт чек аралары Шарк, Мады, Кашкар-Кыштак, Сарай, Ак-Таш, Отуз-Адыр, Сары-Колот, Жаңы-Арык, Катта-Талдык айылдык округдары менен чектешкен чек аралары бекитилсин.
2. Жоош айылдык округунун жалпы жайыттарынын аянты 2251,0 гектар.
3. Бул токтомдогу көрсөтүлгөн чек ара жана жайыттардын аянтын макулдашуу жагы Кара-Суу районунун жайыттардын чек араларын тактоо боюнча комиссиясына сунушталсын.
Жоош айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Утуров |