Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-апрели №20/5-4
Ар түрдүү маселелерди кароо жөнүндө
Жоош айылдык округдук кеңешинде таштандыларды чыгаруу үчүн төлөнүүчү салыктын өлчөмүн жогорулатуу боюнча жана таштандыларды атайын белгилеген жерге төкпөй түш келди жерлерге төгүп жаткан атуулдарга штрафтарды салуу, ошондой эле айыл өкмөтүнүн аймагындагы менчигинин түрүнө карабай бардык техникаларды, комокторду тактап, алардан салык өндүрүү менен патенттик системада иштөөнү киргизүү маселелери боюнча билдирүү каралып жана талкууланып Жоош айылдык Кеңешинин кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык кеңешинде таштандыларды чыгаруу үчүн төлөнүүчү салык ар бир атуулдан 6 сом өлчөмүндө өндүрүү белгиленсин, таштандыларды атайын белгиленген жерге төкпөй, түш келди жерлерге төгүп жаткан атуулдарга 10000 сом өлчөмүндө штраф салынсын, ошондой эле айыл өкмөтүнүн аймагындагы менчигинин түрүнө карабай бардык техникаларды, комокторду тактап, алардан салык өндүрүү менен патенттик системада иштөөнү камсыз кылуу Жоош айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Кадыровага жана башкы салык инспектору Б. Насыровага милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык кеӊешинин төрагасы |
А .Утуров |